COVID жуктургандардын саны бүгүн көбүрөөк. 9-июнга карата статистика

Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 108 173кө жетти. Анын ичинен 101 364 адам дартты жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 459 кишиден табылып, 331 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 108 173кө жетти. Анын ичинен 101 364 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
Кечээтен бери коронавирустан беш адам көз жумган. Алардын ичинен бири Бишкек шаарынан, экиден киши Чүй жана Ош облустарынан экени белгилүү болду. Буларды кошкондо вирустан 1 864 киши каза тапты.
Акыркы сутка ичинде 5 952 ПЦР-анализ жүргүзүлгөн.