New York Times: АКШнын дипломаттары "Манас" авиабазасына кайтуу жолун кароодо

Макалада америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийин афган өкмөтүнүн "жашап" кетиши күмөн жаратып жатканы, муну алдын алуу үчүн АКШ бийлиги Афганистанга жакын өлкөлөргө аскердик базасын жайгаштырууну көздөп жатканы жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Американын дипломаттары Афганистандан АКШнын аскер күчтөрү чыгарылгандан кийин Борбор Азияга аскер базасын кайра кайтаруу боюнча варианттарды караштырып жатат, анын ичинде мурдагы "Манас" авиабазасы да бар. Бул тууралуу New York Times гезити жазды.
Гезиттин кечээ чыккан санында Маро Маззетти менен Жулиан Барнестин "ЦРУ Афганистанга жакындоонун жаңы жолдорун жандалбастап издеп жатат" деген макаласы жарыяланды. Анда америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин афган өкмөтүнүн "жашап" кетиши күмөн жаратып жатканы, муну алдын алуу үчүн АКШ бийлиги Афганистанга жакын өлкөлөргө аскердик базасын жайгаштырууну көздөп жатканы жазылган.
"ЦРУ 20 жылдан бери иш алып барып келген Афганистандагы базасынан жакында кол үзөт. Ал жактан аскердик тапшырмаларды аткарып, дрон менен сокку уруп, Талибан, Аль-Каида жана Ислам мамлекети сыяктуу топтордун кыймылына дыкат көз салып турган. Агенттиктин серепчилери талибдердин бийликти басып алуу кооптуулугу тынымсыз өсүп жатканын эскертет", — деп жазылат материалда.
Соңку убакта АКШнын расмий өкүлдөрү келечекте операцияларды жүргүзүү үчүн Афганистанга жакын жерге база жайгаштырууга бүт күчүн жумшап жатканы белгиленди. Дипломаттар мурунку советтик мамлекеттердеги базаларды кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатканы менен Кремль буга караманча каршы болору жазылган.
"Америкалык дипломаттар Борбор Азиядагы базаларды калыбына келтирүү жолдорун караштырып жатат. Анын ичинде буга чейин Американын аскерлери менен чалгындоо боюнча офицерлер иштеп келген Кыргызстан менен Өзбекстандагы базалар дагы бар", — деп айтылат макалада.
Борбор Азияда аскердик базалар кимге жана эмне үчүн керек? Пикир
New York Times басылмасынын журналисттери АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Жон Блинкен жакында эле тажикстандык кесиптеши менен маектешкенине көңүл бурушкан. Бирок анда база жайгаштыруу боюнча кеп козголгону туурасында маалымат жок.
Американын жогорку даражадагы аткаминерлеринин биринин айтымында, Россия Кошмо Штаттын Борбор Азияны база катары колдонушуна каршы чыгып жатат. Мындан улам аскердик базаларды жандандыруу иши узакка созулушу ыктымал.
Ошондой эле макалада ЦРУ мурунтан эле Афганистандагы туруктуулук көпкө сакталып турбасын болжогону, муну соңку жумада талибдердин тактикалык ийгиликке жеткени тастыктап жатканы жазылган.