Жайылда жолтандабас менен жеңил унаа кагышып, бир адам мерт болду. Сүрөт

Каргашадан жеңил унаанын айдоочусу мерт болуп, төрт жүргүнчүсү жаракат алган. Жолтандабастан үч адам жабыркап ооруканага жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Түндө Чүйдүн Жайыл районунда Toyota Land Cruser Prado жана Mitsubishi Galant үлгүсүндөгү унаалар кагышып, бир киши көз жумуп, дагы жетөө жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
1 / 2
Түндө Чүйдүн Жайыл районунда Toyota Land Cruser Prado жана Mitsubishi Galant үлгүсүндөгү унаалар кагышып, бир киши көз жумуп, дагы жетөө жаракат алды
2 / 2
Каргаша 8-июнь күнү түнкү саат 02:30дар чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 152-чакырымында (Токойлуу тилкеси) болгон
Каргаша 8-июнь күнү түнкү саат 02:30дар чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 152-чакырымында (Токойлуу тилкеси) болгон.
"Анын кесепетинен Mitsubishi Galant унаасындагы 40-45 жаш чамасындагы А.К. аттуу эркек киши каза болуп, дагы бир эркек жана эки аял жаракат алган. Ал эми Toyota Land Cruser Prado автокөлүгүндө эки эркек менен бир аял жабыр тарткан", — деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерге беш куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын сөөгүн милиционерлерге өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Тез жардам кызматы менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.