УКМКнын Бишкектеги башкармалыгынын мурдагы жетекчиси кармалды

Бишкекти тескеген чекистке коррупция беренеси менен айып тагылды. Азырынча ал кайсы иштин фигуранты экени белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Нурлан Дүйшөкеев камакка алынды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Анын бөгөт чарасы 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилсин деп тандалган. Атайын кызматтын борбор калааны тескеген мурдагы жетекчиси коррупция беренеси менен айыпталууда. Азырынча ал кайсы ишке фигурант катары кармалганы белгисиз.