Таласта Бабановдун тарапташтары митингге чыкты. Сүрөт, видео

Саясатчы Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалып, эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Талас шаарында митингге чыгышты.
1 / 2
Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Талас шаарында митингге чыгышты
2 / 2
Бүгүн кечке жуук Талас облустук музыкалык драма театрынын алдына жүздөгөн адам чогулган.
Бүгүн кечке жуук Талас облустук музыкалык драма театрынын алдына жүздөгөн адам чогулган. Алар Бабановду абактан чыгарууну талап кылууда. Колдоруна "Бабановго боштондук!", "Бабанов — эл сыймыгы", "Бабанов Кумтөрдүн жерин кайтарган. Ал патриот" деген лозунгдарды көтөрүп турушат.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалып, 2-июнь күнү эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген.