Шаршембиге карата аба ырайы

9-июнга караган түнү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Шаршембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө+30…+35, Талас жеринде +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +19…+24 градус ысыйт.
Күндүн табы Бишкекте +32…+34, Ош шаарында +34…+36 градусту көрсөтөт.