Чүйдө 23 миллион сомдук социалдык объект Шопоков мэриясына өттү

Бул аракет облустук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы аркылуу ишке ашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Чүй облустук прокуратурасы жалпы баасы 23 миллион 728 миң сом болгон маданият үйү менен стадионду Сокулуктагы Шопоков шаарынын мэриясынын балансына өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Бул аракет облустук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен ишке ашкан.
“Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо учурунда Шопоков шаардык мэриясы тарабынан өкмөттүн "Объектилерди муниципалдык менчикке берүү жөнүндө" токтомун бузуу менен жогорудагы социалдык инфраструктура объектилери баланска кабыл алынбай калгандыгы аныкталды”, — деп айтылат билдирүүдө.
Мамлекеттик мүлктү коргоо жана сактоо максатында Шопоков мэриясына прокурордук чара көрүү актысы киргизилген. Анын жыйынтыгы менен жогоруда аталган объектилер муниципалитеттин балансына кабыл алынды.