БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Ош шаарындагы Навои атындагы мектептин спорт залына стационар уюштурулганын калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, стационар бүгүндөн тарта иштеп баштады. Бул жерге 50 койка коюлган, дарыгерлер күнү-түнү тейлейт.
Шаардын башка кичи райондоруна да стационар ачуу пландалып жатканы белгиленди. Бул калаада коронавирус илдетине чалдыккандардын саны өсүп жатканына байланыштуу болуп жатат.