"Манас" аэропортунан ПЦР-тест тапшырчулар 4-5 саат мурун келиши керек

Аба майдандын ичинен да инфекцияны аныктаган тестти тапшырса болот. Анализдин жыйынтыгын кыска убакытта алуунун эки жолу бар.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жүргүнчүлөр "Манас" эл аралык аэропортунан коронавируска ПЦР-тест тапшыргысы келсе учууга 4-5 саат калганда келиши керек. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.
Майдын этегинен тарта аэропортто коронавирусту тез аныктаган ПЦР-лаборатория ишке киргизилгени белгиленет.
Кыргызстанга келген туристтерден COVID-19га каршы вакцина алуу талап кылынбайт
Тесттин жыйынтыгын 1,5-2 саатта алам дегендер 3 499 сом, ал эми 4-5 саат күтөм дегендер 2 399 сом төлөй турганы айтылат. Ошол үчүн аэропортко келүүнүн убактысын ойлонуштуруп алуу сунушталган.
Анализди имараттын экинчи кабатынан күндүзгү саат 8:00дөн 18:00гө чейин тапшырса болот. Жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан же "Манас" аэровокзалынын 1-кабатынан үч тилде алууга мүмкүн.