379 киши COVID жуктуруп, Бишкекте 7 бейтап көз жумду. Статистика

Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 107 714кө жетти. Анын ичинен 101 033 адам дартты жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 379 кишиден табылып, 311 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 107 714кө жетти. Анын ичинен 101 033 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
Кечээтен бери коронавирустан жети адам көз жумган. Анын бардыгы Бишкек шаарынын тургундары экени белгилүү болду. Буларды кошкондо вирустан 1 859 киши каза тапты.
Стационарларда дарыланууда 1 765 киши жатат. Алардын ичинен 493ү оор абалда, 109у өтө оор абалда экени айтылууда. 2 016 киши үйүндө дарыланып жатат.