Уланбек Калманбетов Архитектура, курулуш агенттигин жетектемей болду

Калманбетов 40 жашта. Буга чейин транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары болуп иштеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Уланбек Калманбетов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгону айтылат.
Калманбетов 40 жашта. Буга чейин транспорт министринин орун басары болуп иштеп келген.
Эскерте кетсек, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги министрлер кабинетине карайт.