Радио

Имакеев: тамак-аш жайларында сальмонеллез көбөйүүдө, мораторийди алыш керек

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык дарыгери Азамат Имакеев 2018-жылы ишкердик субъектилерди пландык текшерүүгө мораторий салынганын эске салды.
Sputnik
Тамак-аш саткан объектилерди текшерүүгө мораторийди алуу учур талабы. Мындай пикирин Азамат Имакеев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тамак-аштан уулангандар соңку учурда көбөйүүдө.
"2018-жылы өкмөттүн токтому менен ишкерлерди пландык текшерүүгө убактылуу тыюу салуу боюнча мораторий киргизилген. Мындан улам биз ишкерлерди арыз түшсө гана текшере алабыз. Соңку учурларда тамак-аштан уулануу фактылары көбөйүүдө. Бул ошол ишканаларда тамак-аш даярдоо боюнча технологиялык процесстин бузулганына, санитардык талаптардын сакталбаганына байланыштуу болууда. Алсак, сальмонеллез көбөйүп жатат. Ал жаныбарлардан, жумурткалардан жугат. Аларды туура эмес сактоодон келип чыгат. Өз учурунда биздин мекеме жүргүзө турган пландык текшерүүлөрдү калтыруу сунушу берилген. Бирок ал эске алынбай жалпы текшерүүлөргө тыюу салынып калган. Ошондуктан айрым ишкерликтерди, тактап айтканда, тамак-аш саткан объектилерин пландуу текшерүүгө киргизилген мораторийди алып салууну сунуштоодобуз. Мындай жерлердин санитардык абалы милдеттү түрдө жылына эки ирет текшерилип туруусу зарыл", — деди Имакеев.
Ал учурда тийиштүү токтом коомдук талкууга коюлганын кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр: