БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Япония Кыргызстандын айрым футболчуларына келерки оюнга да уруксат бербей калышы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызстан футбол союзунун маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, футболчулар Валерий Кичин, Бекжан Сагынбаев, Авазбек Откеев, дарбазачылар Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токотаевдин оюнга катышар-катышпасы чечиле элек.
Аталган футболчулар менен машыктыруучулар штабы коронавирус илдетине шектелип, беттештен четтетилген. Бирок команданын бардык мүчөлөрүнүн илдетке карата тапшырган тести таза чыккан.
"Оюндарды кабыл алып жаткан тарап бул иш боюнча түшүндүрмө бере элек", — деп айтылат КФСтин билдирүүсүндө.
Кыргызстандын футболдук союзу маселенин чоо-жайын аныктоо үчүн жогорку футболдук уюмдарга, уюштуруу комитетине жана Кыргызстандын Япониядагы элчилигине кат менен кайрылды. КФС белгилегендей, азыркыга чейин бир да тараптан тиешелүү жооп келе элек.
Улуттук курама команданын алдыда 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Япония менен беттештери калды.
Эске салсак, 7-июнда Кыргызстан курама командасы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Монголия менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңилди. Улуттук команданын үч дарбазачысы жана эки футболчусу коронавируска шектелип оюнга киргизилген эмес. Дарбазага катардагы оюнчу Айзар Акматов турган.
КФСтен билдиргендей, уюштуруу комитети аты аталган оюнчулардын четтетилгени тууралуу беттештин башталарына эки саат калганда айткан.