Энергетика жана өнөр жай министри болуп Доскул Бекмурзаев дайындалды

Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кызматтан бошоткон.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министри болуп Доскул Бекмурзаев дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Бажы кызматына жетекчи болуп Самат Исабеков келди
Бекмурзаев былтыр октябрдагы элдик толкундоого чейин "Түндүк электр" ишканасын жетектеп кеткен. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Улуттук энергетикалык холдингдин башкы директорунун орун басарлыгына дайындалган болчу.
Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кызматтан бошоткон.