Бишкектин таштанды полигонун рекультивациялоо иши 14 айдан кийин жанданды

Подрядчылар жана эстониялык фирманын өкүлдөрү ишин улантуу үчүн 18-май күнү борбор калаага келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бишкектеги шаардык таштанды таштоочу жайды жабуу жана рекультивациялоо иштери жандандырылат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4
Бишкектеги шаардык таштанды таштоочу жайды жабуу жана рекультивациялоо иштери жандандырылат
2 / 4
Бул багыттагы иштер 14 ай мурда пандемияга байланыштуу токтотулган, учурда келишимди 17 айга чейин узартуу күтүлүүдө
3 / 4
Подрядчылар жана эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS фирмасынын өкүлдөрү ишин улантуу үчүн 18-майда борбор калаага келишкен
4 / 4
Алардын экинчи тобу коронавируска каршы вакцина жана жумушчу виза алып, июндун ортосунда келишет.
Бул багыттагы иштер 14 ай мурда пандемияга байланыштуу токтотулган, учурда келишимди 17 айга чейин узартуу күтүлүүдө. Подрядчылар жана эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS фирмасынын өкүлдөрү ишин улантуу үчүн 18-майда борбор калаага келишкен. Алардын экинчи тобу коронавируска каршы вакцина жана жумушчу виза алып, июндун ортосунда келишет.
Бишкек мэрия 350 автобус боюнча келишимге кол койду. 1-партиясы июлда келет
Мэрия азыркы таштанды таштоочу жайдын аянты 3,8 гектарга кеңейтилип жаткандыктан долбоордун баасы да өскөнүн белгиледи.
Аталган долбоордун жалпы наркы 22 миллион евро, келишимге 2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Анын алкагында жаңы полигон салынып, эски таштанды жайды жабуу жана рекультивация иштери жасалат. Азыркы таштанды талаасы түздөлүп, акырындык менен жашыл аймакка айландырылмакчы.