Жогорку Кеңешке шайлоо 31-октябрь күнү болушу мүмкүн. Депутаттын божомолу

Мыйзам долбооруна ылайык, Жогорку Кеңеште 90 мандат болот. 55и партиялык тизме менен келсе, калган 45и бир мандаттуу округдан шайланат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо 31-октябрь күнү өтүшү мүмкүн. Мындай божомолун парламент депутаты Дастан Бекешев айтты.
Парламентарий депутаттарды шайлоо боюнча мыйзам долбоорун окуп чыкканын өзүнүн Telegram каналы аркылуу билдирди. Ага ылайык, Жогорку Кеңеште 90 мандат болот. 55и партиялык тизме менен келсе, калган 45и бир мандаттуу округдан шайланат.
Бекешев жаңы мыйзам долбоорундагы өзгөчөлүктөрдү санап берди:
Мыйзам долбооруна ылайык, президент Жогорку Кеңешке шайлоону добуш берүүгө 100 күн калганда же 90 күндөн кечиктирбей белгилеши керек.
Добуш берүү күнү болуп азыркы Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү аяктаган айдын акыркы дем алышы белгиленет.