Валерий Кичин Япониядагы бүгүнкү оюнга чыкпайт. Себеби

Кичиндин ордуна капитандык милдетти Мирлан Мурзаев аткармай болду. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча бүгүн саат 13:00дө башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Футбол боюнча улуттук курама команданын капитаны, жарым коргоочу Валерий Кичин бүгүн Кыргызстан - Монголия беттешине катышпайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Ага ылайык, 2019-жылы Кыргызстан Тажикстан менен ойногон учурда Кичин эки сары карточка алган. Буга байланыштуу Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Тартип комитети аны беттештен убактылуу четтеткен.
Кыргызстандык "Месси" Гүлжигит Алыкулов тууралуу даректүү тасма тартылды
Монголия менен боло турган мелдеште капитандык милдетти Мирлан Мурзаев аткарат.
Оюн бүгүн Японияда болот. Бишкектиктер аны саат 13:00дө Vefa Center жана Asia Mall соода борборлорунан көрө алышат. Түз эфирлерди КТРК Sport, Kyrgyz Sport TV жана Sportrecs платформасынан тапса болот.
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына тандоо этабындагы калган беттештерди ойноо үчүн Осака шаарына (Япония) барган. Пандемияга байланыштуу F тайпасындагы калган оюндарды борборлоштурулган форматта өткөрүү чечими кабыл алынган.
Беттештердин жүгүртмөсү (Бишкек убактысы боюнча):