Апта ирмеми: Эверестти багынткан Кубатовдон пляждагы суйкайган кыздарга чейин

Sputnik

Өткөн аптада Бишкек бир нече күн бою маршруткасыз калды. Айдоочулар жол кирени 10 сомдон 15 сомго көтөрүүнү талап кылды. Мэрия маселени сентябрь айында чечип берүүнү убада кылып, жыйынтыгында айдоочулар ишке чыкты.

Мотурайган Путин, суйкайган Клинтон. Саясатчылардын бала кезиндеги сүрөттөрү
Ошол учурда Бишкекке кыргыздардын арасынан алгачкылардан болуп Эверест чокусуна чыккан Эдуард Кубатов кайтып келди. Аны аэропортто тууган-уругунан тышкары журналисттер жана жөн гана анын ийгилигине кубанган мекендештер тосуп алды.

Ал эми президент Садыр Жапаров эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын кабыл алып, өзүнүн иш бөлмөсүн көрсөттү.

Ал ортодо Россияда Петербург эл аралык экономикалык форуму өтүп, ага президент Владимир Путин катышты.

1 / 15
Рио-де-Жанейро шаарындагы пляжда футбол тобу колдонулчу altinha оюнун ойноп жаткан кыз
2 / 15
Перунун президенттигине талапкер Педро Кастильо үй-бүлө мүчөлөрү менен эртең мененки тамак учурунда (оң жакта биринчи)
3 / 15
Президент Садыр Жапаров эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын кабыл алды
4 / 15
ХАМАС менен Израилдин ортосундагы 11 күнкү атышуудан кийин тартылган сүрөт. Оюнчук курал кармаган бала
5 / 15
"Бобровый лог" паркындагы бассейнге түшкөн аял. Красноярск шаары
6 / 15
Өткөн аптада Бишкек бир нече күн бою маршруткасыз калды
7 / 15
Иттерди сейилдетүү боюнча сесипкөй адис Нобуаки Морибе Токио шаарында кардарлардын үй жаныбарлары менен
8 / 15
Түркиядагы мрамор деңизинин жээгин экология үчүн кооптуу былжырлар каптап кетти
9 / 15
Бишкекке кыргыздардын арасынан алгачкылардан болуп Эверест чокусуна чыккан Эдуард Кубатов кайтып келди
10 / 15
Лондондогу Хакни Марш дарыясынын жээгинде эс алгандар
11 / 15
Россияда Петербург эл аралык экономикалык форуму өтүп, ага президент Владимир Путин катышты
12 / 15
Sputnik Кыргызстандын "Разговор на кулаках" долбоору тартылып жаткан учур
13 / 15
Испаниянын Сан-Себастьяне пляжында нааразычылык акциясына чыккан адамдар
14 / 15
Колумбияда өкмөткө каршы митингге чыккан адам
15 / 15
Мексикада фермердин үйүнүн жанында оюлуп калган жер