БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жогорку Кеңештен сот реформасына байланыштуу мыйзам долбоорлорун кезексиз тартипте карап берүүнү өтүндү.
Бүгүн Бишкекте сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтүп жатат.
Өлкө башчынын айтымында, бардык мыйзам долбоорлору жарандардын укугун коргоого арналган. Жакында документттер парламенттин кароосуна жөнөтүлөт.
Жапаров төмөнкү мыйзам долбоорлорун атады:
Президент кошумчалагандай, бул мыйзамдар жаңы Конституциянын алкагында соттордун ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзүшү керек.