Садыр Жапаровдун Түркияга качан барары белгилүү болду

Буга чейин Жапаровдун Түркияга барары күтүлүп жатканын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлаган эле.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 9-11-июнь күндөрү расмий иш сапары менен Түркияга барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин Жапаровдун Түркияга барары күтүлүп жатканын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлаган эле.
Иш-сапардын алкагында президент түркиялык кесиптеши Реджеп Тайип Эрдоган менен жолугат.
Жапаров ЖКдан айрым мыйзам долбоорлорун кезексиз карап берүүнү суранды. Тизме
Лидерлер эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Ошондой эле президенттердин катышуусунда Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны өтөт.
Мындан тышкары, Жапаровдун Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Соңунда президент Түркиянын борбору Анкара шаарында иштеп, билим алып жүргөн кыргыз жарандары менен жолугушат.