Прокуратура 731 миң сомдук жер тилкеси ит бекер сатылганын аныктады

Топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа райондук прокуратурасы бала бакчага тиешелүү жердин бир бөлүгүнүн мыйзамсыз сатылгандыгын аныктады. Бул тууралуу башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Ош мамлекеттик университетинин 3,6 млн. сомдук жери мэрияга кайтарылды
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Мындан тышкары, мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу максатында прокуратура тарабынан сотко доо арыздар киргизилди.