Радио

Айдаралиев: заводдордун жоктугу органикалык өлкө болууга жол ачат

"Bio-KG органикалык кыймыл" федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев өлкөдө химиялык заттарды бөлүп чыгарган завод, фабрикалардын жоктугу табигый продукцияларды чыгаруучу өлкө катары таанылууга шарт түзөрүн айтты.
Sputnik
Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарт бар. Мындай пикирин Искендербек Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфириндеги маегинде билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБдин рыногунда көлөм эмес, сапаттуу органикалык продукция менен атаандашса болот.
"Кыргызстандын таза продукция өндүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бизде химиялык заттарды бөлүп чыгарган завод, фабрикалардын жоктугу органикалык продукцияларды чыгаруучу өлкө катары таанылууга шарт түзөт. Географиялык абалыбыз да ыңгайлуу. Айдоо жерлерибиздин аянты аз. Жаңы технологияларды колдонуу менен жерге болгон көз карашыбызды өзгөртсөк көп көйгөйлөрдүн чечилишине жол ачылат. ЕАЭБдин рыногуна көлөм эмес, сапаттуу органикалык продукция менен атаандаштыкка чыгууга болот. Ушуларды ордуна коюп, органиканын талаптарына жооп берген өндүрүштү түзүп, дыйкандарды окутсак биз үчүн бренд болуп калат эле", — деди Айдаралиев.
Ошондой эле адис биздеги өндүрүлгөн продукциялар таза болгону менен аны тастыктай турган документтин жоктугу ишенимден алыстатып жаткандыгын айтты.