БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясынын муниципалдык ишканаларынын биринин башкы эсепчиси УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Бишкек мэриясынын муниципалдык ишканаларынын биринин башкы эсепчиси УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Маалыматка караганда, УКМК ага чейин бир катар каржылык мыйзам бузууну аныктаган. Алардын кызматкерине 31-майда пара сунушталган.
Маалым болгондой, Н.П. аттуу башкы бухгалтер атайын кызматтын өкүлүнө каржылык мыйзам бузуу фактысы боюнча арызды кароону токтотуу үчүн 50 миң сом сунуштаган.
Аталган факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, эсепчи 4-июнда пара берип жаткан жеринен кармалган.
Учурда козголгон кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат.