Жол болбоду. Кыргызстандыктар моңгол футболчуларына жеңилди

Оюндун биринчи бөлүгүндө эле каршылаш команда бир топ киргизген. Кыргызстандыктар жакшы чабуулга өткөнү менен ийгилик жарата алышкан жок.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Монголияга 0:1 эсеби менен жеңилип калды.
2022-жылы боло турчу дүйнө чемпионатына тандап алуунун алкагындагы турнир Осака шаарында (Япония) болду.
Монголия менен оюнда кыргыз футболчулары фаворит. Букмекерлер божомолу
Оюндун биринчи бөлүгүндө эле каршылаш команда бир топ киргизген. Андан бери өзгөрүү болгон жок, командалар түрдүү позицияга өтүп жатты. Кыргызстандыктар жакшы чабуулга өткөнү менен ийгиликсиз болуп жатты.
Кыргызстандык футболчулар толук курамда чыкпаганын белгилей кетели. Алгач команданын капитаны буга чейинки беттештерде кызыл карта алганы үчүн четтетилген. Ал эми оюн башталарына эки саат калганда машыктыруучулук штаб, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков жана Кашуба Валерий коронавирус илдетине кабылды деген шек менен катышпай калды.