Монголия менен оюнда кыргыз футболчулары фаворит. Букмекерлер божомолу

Бүгүн, 7-июнда, Япониянын Осака шаарында экинчи тандама турдун оюну өтөт. F тайпасындагы Кыргызстан менен Монголиянын курама командалары беттешет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Букмекерлер Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын Монголия менен болгон оюнда фаворит деп эсептейт.
Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча беттеши. Тексттик трансляция
Эске салсак, бул турдун алкагында Улан-Батор шаарында кыргызстандыктар монгол спортчуларын 1:2 эсебинде утуп алган.
Marathonbet букмекери мындай коэффициенттерди сунуштап жатат: кыргызстандыктардын жеңиши үчүн — 1,065, моңголдорго — 28, теңме-тең чыгат дегендер — 12.
Favbet букмекериники бир аз башкача прогноздор. Кыргызстандыктар жеңет дегендер — 1,03, Монголияга жан тарткандар — 50, теңме-тең дегендер — 12,5.
Белгилей кетсек, коэффициент канчалык төмөн болсо, ошончолук жеңишке жакын дегенди билдирет. Демек, букмекерлерде ата мекендик командага ишенгендер абдан көп.