Валентина Шевченко кыргыз футболчуларына ийгилик каалады. Видео

Шевченкодон сырткары, кыргызстандык футболчуларга колдоо сөзүн өлкөдөгү белгилүү спортчулар да айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. UFC чемпиону Валентина Шевченко кыргызстандык футболчуларга Монголия менен болчу беттеште жеңиш жана ийгилик каалады. Шевченконун видеосу Кыргызстандын Футбол федерациясынын Instagram баракчасына жарыяланды.
Ушул эле видеодон кыргызстандык футболчуларга ийгилик каалаган Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Шабданбаевди, Футбол федерациясынын жетекчиси Канатбек Маматовду, грек-рим күрөшүнүн балбандары Атабек Азисбековду, Акжол Махмудовду, Жоламан Шаршенбековду, дзюдочу Юрий Краковецкийди, актер Нурсултан Курсанали уулун жана башкаларды көрүүгө болот.
Валерий Кичин Япониядагы бүгүнкү оюнга чыкпайт. Себеби
Белгилей кетсек, бүгүн Японияда Кыргызстан менен Монголиянын футболчулары беттешет. Бишкектиктер аны саат 13:00дө Vefa Center жана Asia Mall соода борборлорунан көрө алышат. Түз эфирлерди КТРК Sport, Kyrgyz Sport TV жана Sportrecs платформасынан тапса болот.
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына тандоо этабындагы беттештерди ойноо үчүн Осака шаарына (Япония) барган. Пандемияга байланыштуу F тайпасындагы калган оюндарды борборлоштурулган форматта өткөрүү чечими кабыл алынган.