362 кишиден COVID табылып, 5 адам көз жумду. Соңку статистика

Бир сутка ичинде 14 медиктен коронавирус аныкталган. Алардын арасынан экөө дартты кызыл зонадан жуктурганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 362 кишиден табылып, 275 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 107 335ке жетти. Анын ичинен 100 722 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
Кечээтен бери коронавирустан беш адам көз жумган. Анын ичинен Бишкекте үч, Чүйдө эки өлүм учуру катталган.
Бир сутка ичинде 14 медиктен коронавирус аныкталган. Алардын арасынан экөө дартты кызыл зонадан жуктурганы айтылды.