БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кайрат Осмоналиевди Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигине дайындоону жактырды.
Осмоналиев 2016-жылдан бери Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү. Ал Кыргыз улуттук университетинин ардактуу илимий доктору, профессор, дасыккан юрист.