Нефтетрейдерлер ассоциациясы: июнда бензиндин дагы 2 сомго кымбатташы күтүлүүдө

Буга дүйнөлүк рынокто нефть азыктарына баанын көтөрүлүп жатканы себеп болууда. Мисалы, 1-июнда Brent үлгүсүндөгү нефтинин бир баррели 69,46 доллардан сатылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстанда июнь айында мунай продуктуларынын бир литри орточо эсеп менен 4 пайызга кымбаттаары күтүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.
Буга дүйнөлүк рынокто нефть азыктарына баанын көтөрүлүп жатканы себеп болууда. Мисалы, 1-июнда Brent үлгүсүндөгү нефтинин бир баррели 69,46 доллардан сатылды. Россиянын мунай базарында да дүң наркы өсүп жатканы байкалууда.
"Жогорку себептерди эске алганда июнь айында кара майдын баасы төрт пайызга кымбатташы күтүлүп жатат. Ошол эле учурда мунай сатуучу компаниялар баанын кескин өсүшүнө жол бербөөгө ниеттенип жатышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Жыл башынан 1-июнга чейин өлкөдө бензин 39,2 пайызга же 13,7 сомго кымбаттады.