Жапаров финансы жана экономика тармагында иштегендерди куттуктады

Мамлекет башчы финансы жана экономика кызматкерлеринин жоопкерчиликтүү ишине ыраазычылык билдирип, аларга ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо каалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, финансы жана экономика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы экономика жана финасы тармагында кесиптик деңгээли жогору адистер иштей турганын айтып, алар өлкөнүн интеллектуалдык потенциалынын орчундуу бөлүгүн түзөрүн белгилеген.
"Биздин финансисттердин жана экономисттердин потенциалы мамлекеттин экономикалык өсүү темпин жогорулатууга, тең салмактуу бюджетти камсыздоо жаатындагы милдеттерди жогорку деңгээлде чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле глобалдык чакырыктардын алдында экономикалык туруктуулукту камсыздоого кудурети жетет деп ишенем. Бул милдеттердин аткарылышы ар бирибизден бийик профессионалдуулукту, жумушка ак ниет мамиле кылууну жана чынчылдыкты талап кылат. Мамлекеттин бакубаттулугу жана экономиканын мындан аркы өнүгүүсү сиздердин күжүрмөн күнүмдүк эмгегиңиздер жана аракетиңиздер менен байланыштуу", — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.
Мамлекет башчы финансы жана экономика кызматкерлеринин жоопкерчиликтүү ишине ыраазычылык билдирип, аларга ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо каалаган.