Бүгүн 1700дөн ашык коомдук транспорт бишкектиктерди ташууда

Автобус менен троллейбустардын мурдагы тартипте, тагыраагы, таңкы саат 5:30дан түнкү 23:00гө чейин иштеп жатканы кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте шаардыктарды ташуу үчүн 1 миң 528 маршрутка, 102 автобус жана 138 троллейбус чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Автобус менен троллейбустардын мурдагы тартипте, тагыраагы, таңкы саат 5:30дан түнкү 23:00гө чейин иштеп жатканы кабарланды.
Бүгүн 102 автобус төмөнкү 11 каттам менен иштеп жатат:
Шаардыктарды 138 троллейбус ташууда:
Мэрия, мындан сырткары, 1 миң 528 маршрутка ишке чыкканын кабарлады.
Бишкек мэриясы: маршрутка айдагандар толугу менен ишке чыкты
Белгилей кетсек, кичи автобустун айдоочулары 2-июндан тарта иш таштап, жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылышкан.
Ишемби күнү, 5-июнда, Бишкекте айрым маршруткалар каттамга чыгып, бирок өз алдынча эле жол кирени 15 сомго көтөрүп алышкан. Мэрия мындай айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирген. Эртеси акырындан шаардыктарды ташып, ишке чыга башташкан.
Жол кире Бишкек шаардык кеңеши чечим кабыл алган убакка чейин мурункудай эле 10 сом боюнча калат.