Адис кандай дарыгерден жаа бою качуу керектигин айтып берди

Адистин айтымында, мыкты дарыгер ар дайым бейтапты кунт коюп угат, сөзүн бөлбөйт. Дарылоо процессин аны менен талкуулап, толугу менен текшерип бүтмөйүнчө дары-дармек жазып бербейт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жеке менчик медициналык борборлорго барганда дарыгерди кантип тандоо керектигин "Прайм" агенттигине маек берип жатып "Медицинадагы конфликтилерди жөнгө салуу борборунун" башкармалыгынын төрайымы Ирина Гриценко түшүндүрдү.
Дарыгер: майы жок азык менен арыктоо тукумсуздукка алып келиши мүмкүн
Андан тышкары, Гриценко дарыгердин жүрүм-турумуна, сырткы көрүнүшүнө көңүл буруу керектигин айтат.
"Өзүн, кесибин жана бейтапты сыйлаган медик ар дайым таза жана тыкан кийинип жүрөт. Тырмактары өсүп кеткен дарыгер дагы бейтапты чочулатышы керек. Бейтаптын айтып жаткандарын кулак сыртында калтырган, сөзүн бөлгөн, жалаң өзү сүйлөй берген дарыгерден дагы коркуш керек", — деди Гриценко.
Ошондой эле ал комплекстүү текшербей туруп дары-дармек жазып койгон жана дарылоо процессин бейтап менен талкуулабаган ак халатчандарга жолобой эле койгон туура экенин кошумчалады.