Орхан Инандынын аялы жана тарапташтары элчиликтин алдына чогулушту. Видео

Үй-бүлөнүн жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын айтымында, Инандынын Түркия элчилигинин имаратында кармалып жатышы мүмкүн деген кабарды ишенимдүү адамдар айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкекте "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын табылышын талап кылгандардын чакан митинги өттү.
Бишкекте "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын табылышын талап кылгандардын чакан митинги өттү
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, Түркиянын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдына 10дой адам чогулган.
Алардын арасында Инандынын жубайы Рейхан Инанды дагы бар. Ал дайынсыз болуп жаткан жолдошу Кыргызстандагы Түркия элчилигинин имаратында кармалып жатышы мүмкүн деген оюн айтты.
Үй-бүлөнүн жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын билдирүүсүндө бул маалыматты аларга ишенимдүү адамдар билдирген. Бирок ал аты-жөнүн ачыкка чыгарбоону суранган.
"Укук коргоо органдары чын-бышыгын билиши керек. Инандыны кыйнап Кыргызстандын жарандыгынан чыгаруу тууралуу арыз жаздырып, аны түрк паспорту менен өлкөдөн алып чыгып кетет деген так эмес версия бар", — деди жактоочу.
Түркия элчилигинен митингчилерге эч ким чыккан эмес.
Орхан Инандынын жубайы: мага жеткен маалымат боюнча жолдошум элчиликте
Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 31-майдын түнүнөн бери дайынсыз. Бул маалыматтан кийин президент Садыр Жапаров аны издөө боюнча кошумча күч тартууну тапшырган.
Инандынын автоунаасы Октябрь районунун Малдыбаев көчөсүндөгү "Ала-Арча" суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылганы айтылып, атасынын жоголгону боюнча уулу арыз жазган.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.