Окумуштуу: коомдо интеллект деңгээли түшүп бара жатат

Илимпоздун айтымында, 1930-1980-жылдар аралыгында туулган кишилердин IQ деңгээли андан кийин туулгандардыкына караганда 20 пайызга жогору.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Орто эсеп менен алганда жылдан-жылга адамдын интеллектинин деңгээли түшүп бара жатат. Бул тууралуу Жалпы россиялык техникалык эстетика илим-изилдөө институтунун Неврология илимий борборунун директору Михаил Пирадовдун пикирине таянып РИА Новости агенттиги жазды.
Адис "Илим жана жашоо. Адамзат жоголуу коркунучунда" аталышындагы илимий сессияга катышып, сөз сүйлөдү.
"Эгер адам баласынын цивилизациясы өсүп-өнүксүн десек, жөн гана ден соолукка эмес, менталдык саламаттыкка дагы көңүл бурушубуз керек. Акыл-эсти өстүрүү зарыл. Анткени мээ — бул адамдын негизи", — деди Пирадов.
Анын айтымында, 1930-1980-жылдар аралыгында туулган кишилердин IQ деңгээли андан кийин туулгандардыкына караганда 20 пайызга жогору. Окумуштуу ушундай жол менен кете берсек, келечекте колунан эч нерсе келбеген муун пайда болушу мүмкүн экенин айтты.
Организмди жаш бойдон сактаган 10 азык. Тизме
Ошол эле иш-чарага катышкан Акушердик гинекология жана тукум улоо боюнча илимий институтунун директору Игорь Коган адам баласы таптакыр эле жок болуп кетиши мүмкүн деген пикирде.
"Учурда дүйнөдө жубайлардын 17-18 пайызы балалуу боло алышпайт. Бул тукумсуздук. Бойго бүткөн күндө дагы көпчүлүк учурда түйүлдүк төрөткө чейин жетпей калып жатат", — деди Коган.
Мындан улам окумуштуулар адам баласы өзүнүн өнүгүү жолунда айрым нерселерди өзгөртүшү керек деп эсептешет.