Офтальмолог: көзүм деп келген кишиден башка оору таап, аман алып калганбыз

Көзүм жакшы көрбөй жатат деп келген бейтаптардан бишкектик офтальмолог Аида Жолочиева башка илдетти таап, тиешелүү дарыгерге жиберип коркунучтуу оорудан сактап калган.
Sputnik
Биз менен болгон маегинде дарыгер адамдар майда деп маани бербеген нерселер да көздүн көрүүсүнө терс таасирин тийгизген учурларга токтолду.
— Биологиялык картаюуну эсепке албаганда көздүн начарлоосуна эмне себеп болот?
— Акыркы убакта көз оорулары, анын ичинен миопия (алысты начар көрүү) көбөйүп жатат. Ишибизге жана маалымат алуу үчүн күнүмдүк жашообузда телефон, компьютер, планшетти көп колдонгондуктан көзгө күч келүү күчөдү.
Гаджеттен сырткары, азыркы тамак-аштын да таасири болууда. Четинен санай келгенде эле эт, сүт, май азыктары бүгүн өтө деле таза эмес. Буга экология маселеси да кошул-ташыл болууда, аба кир. Учурда сөөк оорулары, кант диабети, гипертониялык илдеттер көп кезигип жатат. Мунун баары айланып келип эле көзгө да терс таасирин берет.
— Көздүн көрүүсүнө башка оорулар да таасир этет экен да?
— Ооба, бейтаптар көзүм эле ооруйт, башка жагым соо деп келишет. Бирок көп учурларда бейтапты карап жатканда ашказандагы көйгөйдү, сөөктөрдөгү өзгөрүштөрдү (анын ичинен кыр аркада) көз доктурга келгенде көрөбүз. Мындан улам башка тармактагы дарыгерге текшерилгенге жөнөтөбүз.
Жолочиева: акыркы убакта көз оорулары, анын ичинен миопия (алысты начар көрүү) көбөйүп жатат
— Адамдын көзүн текшерип жатып башка ооруларды кантип билесиздер?
— Кээде адамды карап туруп эле кайсы жери ооруп жатканын билсе болот. Маселен, көз саргарып турса, боордо көйгөй бар. Тамырлары кеңейип турса кан басымы көтөрүлүп жатат, дагы ушул сыяктуу. Кээ бир нерселерди көздүн ичинен да билсек болот.
— Кантип?
— Офтальмоскопия деген ыкма бар. Көздүн түбүндөгү тамырларга үңүлүп карай келгенде адамдын илдети өзү эле чыгып калат. Жогоруда айтып кеткендей, көп кездешип жатат деген ошол эле кант диабети, гипертониялык оорулар, ревматоиддүү артрит — муун оорулары башталганда көздүн көрүүсүндө өзгөрүү болот. Офтальмологго келгендер андай илдети бар экенин өзү деле билбейт, көзүнөн көрүп, белгилерин сураштыра баштайбыз.
— Башка ооруларды кан тамырлардан билет турбайсыздарбы?
— Бир эле кан тамыр эмес, көздүн ичинде каптар бар, ошолор да бизге жардамчы болот. Маселен, боор ооруганда пингвекула байкалат, көздү май басып калат, муну май гепатозу десек болот. Саргарып турса өттүн жолдорунда да көйгөй бар деген белги. Кабактын чекеси какачтанып же көздүн былжыры шишигенсип калат. Ошондон ашказандын ооруларын, кычкылдын аз же көп экендигин байкайбыз. Микроскоп аркылуу караганда көп нерсе билинет.
Жолочиева: ишибизге жана маалымат алуу үчүн күнүмдүк жашообузда телефон, компьютер, планшетти көп колдонгондуктан көзгө күч келүү күчөдү
— Көз чарчабаш үчүн кандай шартта эмне кылып иштеш керек?
— Көз чарчабаш үчүн адам компьютерде отурганда ар бир 20 мүнөт сайын 5 метрдеги аралыктагы объектини 20 секундадай карашы керек. Мындай ыкмада көздүн булчуңдары бир аз эс алып калат. Андан сырткары, ар бир саат сайын адам кыймылдашы керек. Жок дегенде ары-бери басып, суу ичип, эки колун шилтеп, баш, моюндарын кыймылдатып турганы жакшы. Эң жок дегенде тепкич менен өйдө чыгып, ылдый түшүп турганы да пайдалуу. Бөлмөдөгү абаны сөзсүз тазалап туруу керек.
Баса, эртең менен иштеп баштаарда компьютердин чаңын сүртүп, экранын тазалап алган жакшы. Себеби байкалбаганы менен монитордогу майда тактар да көздү кадимкидей алаксытып, чарчатат. Бул чөнтөк телефонго да тиешелүү.
Кыска убакытта арыктоо эмнеси менен кооптуу. Диетолог Дүйшөнкулованын маеги
Балдар боюнча айтсак, кичинекейлердин сабакка даярданганда отурган эмеректери өзүнүн жашына ылайык келиши керек. Ал эми жерге жатып алып, боортоктоп сабак окуганы, телефонду колуна туура эмес кармап, туура эмес аралыкта тиктегени да көзгө зыян алып келет.
Биз тиктей турган аралык 35-45 сантиметрге чейин болгону дурус. Компьютерде иштегенде андан 50-70 сантиметр, ноутбук болсо — 50 сантиметр, компьютерде 70, монитор чоң болсо бир метр алысыраак отуруш керек.
Азыр үйдөн көп иштеп калбадыкпы. Кээде жумуштагыдай шарт болбой деле калат. Андыктан иш орунду ыңгайлуу кылып түзүп алган дурус. Майда деген менен дагы бир нерсени эске сала кетсем. Кагаздагы текстти компьютерге тергенде аны бийигирээк коюп алган жакшы. Себеби улам столдун үстүн (төмөнүрөөк жакты), кайра мониторду карай бергенде көзгө жана моюнга күч келет. Компьютердин үстүңкү кыры биздин көз менен бирдей деңгээлде болушу керек. Ошондо ылдый караганда экрандын ортосуна туш келип, көзүбүз ылдый карап, кабактарыбыз көздү жаап турат. Бул көздүн кургап кетишине жол бербейт.
Жолочиева: бейтаптар көзүм эле ооруйт, башка жагым соо деп келишет
— Айтмакчы, көз дагы эмнеден кургайт жана кантип анын алдын алууга болот?
— Себептер абдан көп, алардын бири ачык, өтө жарык экран. Андан башка муундардын, өттүн, боордун, ашказандын оорулары, кант диабети көздүн кургашына алып барат. Балдар арасында көп кездешип жаткан моюндагы көйгөйлөр (кыр арканын кыйшайып кетиши) да ушул нерсеге себепкер.
Сууну аз ичкендик да теринин жана көздүн тышкы былжырын кургатат. Бизде бир литр сууну бир жутуп салышат, анткен болбойт, тескерисинче, аз-аздан ууртап-татып, бирок көбүрөөк көлөмдө ичиш керек.
16 жумалык түйүлдүктүн жүрөгүн текшерүүгө болот. Кардиолог Аматовдун маеги
Көздүн да, теринин да нымдуулугунун өзүнүн нормасы болот, ошого жеткирип турса жогорудагы маселе жаралбайт. Ным чүпүрөк менен эмектерди, буюмдарды сүртүү маанилүү. Кондиционерди иштеткенде аба нымдаштыргычты колдонуу керек. Жылыткычты иштеткенде, от жакканда абаны нымдап турушу үчүн идишке суу коюп койгон дурус. Антпесе тамактын, мурундун былжыр челинин кургашына алып келип, ринит, аллергиялык ооруларды, фарингит, ларингит, коньюктивитти жаратат.
— Азыр коронавируска кабылган элдин көбү көздүн көрүүсү начарлагандыгын айтып жатышат...
— Коронавирус — вирустук инфекция. Адам грипп болгондо мурдунан суу агып, тамагы ооруп, көзүнөн жаш агып башталат эмеспи, covid-19 да ошентип башталышы мүмкүн. Бирок азыр бул вирустук инфекциянын түрү болгондуктан кээде кайсынысы менен ооруганыбызды билбей да калып жатабыз. Бирок бизге көзүм жашылданып жатат деп келген бейтаптар 2-3 күндөн кийин "коронавирус болуп калыптырмын, пневмония болдум" деп чалып да калышат. Демек, бул деле грипп сыяктуу анча-мынчасы көздөн башталышы мүмкүн. Мага чейин деле айтышкан, ошентсе да баса белгилеп кетейин деп жатам, бул ооруда кан коюлуп кетип жатат. Мындай нерсе кабылдап кеткен учурларды, тромбоздорду көп берет. Коронавирус менен ооругандан соң көп пациенттерде көздүн түбүндөгү тамырлардын ичине кан уюп калат да, жакшы чуркабай, сетчаткада өзгөрүүлөр пайда болот. Бейтаптар арасында "так пайда болуп туруп алды, начар көрүп калдым, бир заматта эле начарлап кетти" деп айткандар бар. Анын баары жогорудагы мен айткан себептерден улам болот.
Жолочиева: кээде адамды карап туруп эле кайсы жери ооруп жатканын билсе болот
— Офтальмологдуктан сырткары сиз бейтаптар менен психолог катары да иштеше билгениңизди байкап жүрөбүз.
— Ооба, бул бейтаптар менен иштешүүдө өтө керектүү тажрыйба. Айрым учурда пациентти көтөрмөлөп, жооткотконго туура келет. Ооруну укканда дүрбөлөңгө түшүп, өтө корккондор бар. Өзгөчө улгайган кишилер чочуп кетип, ойлоно берип кан басымы, кандагы канттын деңгээли көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Мындан улам ооруну күчөтүп алышат. Андыктан аларга өзгөчө колдоо зарыл.
Тери сыйрылып түшөт. Баланын аллергиясын алдын алуу жөнүндө пайдалуу маек
Кээде катаал болобуз. Маселен, көздүн басымы көтөрүлүп кеткен глаукома деген оору бар. Илдет башталганда бейтапка "башынан жакшылап дарылабаса көз такыр көрбөй калышы мүмкүн" деп катуу эле айтууга аргасыз болобуз. Себеби адамдын көзү жакшы көрүп жатканда жакшы көңүл да бурбайт, дарыны куюп-куйбай, кээде дарыгерлер айткан эрежелерди сактабайт.
Белгилеп кетчү дагы бир нерсе, "врачтар коркута беришет" деген пикир бар. Коркутпайбыз, болгону өз учурунда дарылабаса оору эмнеге алып барышын ачык эле айтканга туура келет.
— Сизге мурда көрүнүп кетип, кийин ыраазылыгын билдиргендер болобу?
— Жакын арада эле бир бейтап "көрүүм начарлап, көзүм кургап жатат" деп келген. Аны карагандан кийин узиден өтүп жана боордо курттардын бар-жогун текшертиңиз деп жөнөткөнбүз. Тилекке каршы, барганда эле эхинококкоз оорусу чыгып, операция болуптур. Хирургдар ага "өз учурунда келиптирсиз, эгерде бир аз кечиктиргенде эхинококк жарылып, курттар башка органдарга жайылып кетмек" дептир. Ал бейтап жакында эле ыраазылыгын билдирип, гүл көтөрүп алып жаркылдап кирип келди. Операциясы өз учурунда болгонуна мен абдан кубандым.
Жолочиева: офтальмоскопия деген ыкма бар. Көздүн түбүндөгү тамырларга үңүлүп карай келгенде адамдын илдети өзү эле чыгып калат

Офтальмологдун кеңеши

Компьютерде иштеп жатканда көз чарчагандыктан гимнастика керек. Эс алдырыш үчүн эки алаканыбызды бири-бирине ушалап жылытып, 15-20 секундага чейин көздү жаап турсак болот. Ал учурда жакшы нерсени ойлоп, мээни да эс алдырганга аракет кылыш керек.
Компьютерде иштегенде адам көзүн көп ирмебей калат, аны өзү деле байкабашы мүмкүн. Андыктан көздү 10 жолу тез-тез ачып-жумуп, муну бир күндө бир нече ирет кайталаш керек.
Эс алдыруунун дагы бир жолу — маңдайдагы дубалга көз менен сандарды жазуу. Андан сырткары, ар кыл фигуралары — тегерекчелерди, төрт жана үч бурчтуктарды жана башкаларды да тартсак болот.
Эгерде көз жеткендей ыраакты караганга мүмкүнчүлүк болсо (имараттар тосуп калбаса), тоолорду, өтө эле алыс аралыктагы объектилерди, андан соң кайра жакынды тиктеп, муну бир нече ирет кайталаганда көздүн булчуңдары кадимкидей эс алат.
Лабораториялык борбордун жетекчиси: вирус барган сайын өзгөрүп жатат
Компьютерде отургандар үчүн 20-20-20 деген эрежени көптөр эле билсе керек. 20 мүнөт иштегенден кийин 20 секундага адамдан 5 метр алыстыктагы нерселерди тиктеп, көздү эс алдырса болот.
Биз күнүмдүк жашоодо колубуздан түшүрбөй колдонуп жүргөн смартфонду кароонун да эрежелери бар. Түндөсү же күүгүм болгон учурларда жарыкты өчүрүп коюп, телефонду көрүшөт. Бул көзгө зыян. Смартфонду колго алып, столго коюп алып караш керек. Жарыктын зыяны жок. Ал тургай телевизорду көргөндө да бөлмөнү караңгылатып алууга болбойт.
Бир нерсени жазып же окуп жатсак, жарыктын сол жактан түшүп турушу шарт. Компьютерге арттан нур чагылбашы керек. Анын шам чырак сымал өйдөрөөк жактан түшүп турганы жакшы.
Азыр элдин көбү компьютерде отуруп иштегендиктен ар бир саат сайын туруп, жок дегенде бир аз кыймылдап, ал эми эң жакшысы — көнүгүү жасаган зарыл. Анан албетте, тамак-ашка көбүрөөк көңүл бурган маанилүү, анда витамин, белок, углевод, май, баары тегиз болушу шарт. Дагы белгилей кетүүчү нерсе, көзгө өтө пайдалуу өзүбүздө эле өскөн бир нече мөмө-жемиш бар. Алар ит мурун, бөрү карагат, кара карагат. Мындан сырткары, бал, жумуртка, цитрус өсүмдүктөрүндө көзгө жакшы жардамчы витаминдер кездешет.