Радио

Алиаскаров: Кыргызстан балык өстүрүүгө ыңгайлуу өлкө

Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров таза суу жана ыңгайлуу климатка байланыштуу Кыргызстанда балык өстүрүү мүмкүнчүлүгү жогору экендигин айтты.
Sputnik
2003-жылдан бери өлкөдө балык өндүрүүнүн көлөмү 100 эсе өстү, көмүскө иштеп жаткан фермерлердин саны кошулса көрсөткүч дагы көтөрүлөт. Мындай маалыматты Маил Алиаскаров Sputnik радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылдын жыйынтыгы менен жалпы өндүрүлгөн продукциянын ичинен 3158 тонна балык экспорттолду.
"Кыргызстанда балык чарба тармагы пандемия башталганга чейин өнүгүү жолуна түшкөн. Ал эми карантиндик режим учурунда да элди таза азык-түлүк менен камсыз кылуу биздин приоритеттүү багыттарыбыздын бири болду. Таза суу жана ыңгайлуу климатка байланыштуу Кыргызстанда балык өстүрүү мүмкүнчүлүгү жогору. Сандарга таянсак, 2003-жылы балык өндүрүүнүн көлөмү жылына 50 тоннаны гана түзгөн. Ал эми 2020-жылдын аягында бул көрсөткүч 5 140 тоннага жетти. Эгерде көмүскө иштеп жаткан фермерлердин санын кошсок, жыйынтык эселеп өзгөрөт. Демек, 2003-жылдан бери өлкөдө балык өндүрүүнүн көлөмү 100 эсе өстү. 2020-жылдын жыйынтыгы менен жалпы өндүрүлгөн продукциянын ичинен 3 158 тонна балык экспорттолду. ЕАЭБ алкагында Россия жана Казакстанга көп көлөмдө жиберилди. Мындан тышкары, Бириккен Араб Эмирлигине 400 килограмм балык жөнөттүк. Араб өлкөлөрүнүн биздин балыктарга кызыкчылыгы бар экенин түшүндүк", — деди Алиаскаров.
Ошондой эле адис балык чарбасында кайра иштетүүгө көңүл бурулса экономиканын абалын жакшыртууга зор салым болорун кошумчалады.