Мыйзам жаңы кабыл алынып, дароо эле шайлоо өнөктүгү жүрүп кеткендиктен анын аткарылуучу механизмдерин түшүнбөгөн депутаттыка талапкер кыз-келиндер көп болду. Андыктан биз республика боюнча 274 аялды атайын окуудан өткөрдүк. Бул тууралуу Наргиза Аманбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтмында, талапкер жана жергиликтүү кеңештерде депутаттык мандат алган аялдарды окутуу иштери ПРООН тарабынан уюштурулган.
"Аял кишилердин өзү жашаган аймактын саясатын жүргүзүүгө катышуусу зарыл. Анткени алар эркектерге караганда социалдык маселелерди көп көтөрүп чыгышат жана аткарылышын көзөмөлдөөдө да өз активдүүлүгүн көрсөтүшөт. Андыктан жергиликтүү кеңештерде аял-депутаттарга берилген 30 пайыздык квота жакшы жөрөлгө болду. Тилеке каршы, анын аткарылчу механизмдерин түшүнбөй, деги эле аял-депутат ким, анын кандай укук, милдеттери бар деген суроолорго жооп издеген кыз-келиндер көп экен. Андыктан биз аларды депутаттыкка даярдап, республика боюнча 274 айымды окуудан өткөрдүк", — деди Аманбаева.
Ал депутат аялдар квотаны иммунитет катары түшүнбөй, эл өкүлү деген статуска татыктуу болушу зарылдыгын кошумчалады.