Бишкек мэриясы: маршруткалар акырындык менен ишке чыга баштады

Кечээ Бишкекте айрым маршруткалар каттамга чыгып, бирок өз алдынча эле жол кирени 15 сомго көтөрүп алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жүргүнчү ташыган маршруткалар акырындык менен ишке чыга баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан Sputnik агенттигине билдиришти.
Учурда мониторинг жүргүзүлүп, маршруткалардын саны боюнча маалыматтар такталып жатат.
Ал ортодо, бүгүн саат 08.00гө карата маалымат боюнча, шаардын көчөлөрүндө 96 автобус жана 136 троллейбус иштеп жатат.
Бишкек мэрия 350 автобус боюнча келишимге кол койду. 1-партиясы июлда келет
Эске салсак, кечээ Бишкекте айрым маршруткалар каттамга чыгып, бирок өз алдынча эле жол кирени 15 сомго көтөрүп алышкан. Мэрия мындай айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирген. Аны менен катар шаардыктарга кайрылып, ушул сыяктуу фактыларга күбө болгондорду сүрөт, видеого тартып 0554 182 185 WhatsApp номерине жөнөтүүнү өтүнөт.
Белгилей кетсек, маршрутка айдоочулары 2-июндан тарта иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго көтөрүп берүүнү талап кылып жатат.