Мотурайган Путин, суйкайган Клинтон. Саясатчылардын бала кезиндеги сүрөттөрү

Sputnik

Сүрөт топтомунан дүйнөдөгү белгилүү, аты тарыхта кала турчу 11 инсандын бала чагын, жаш кезин көрө аласыздар.

1 / 11
АКШнын экс-президенти Жорж Буштун үй-бүлөсү. Техаста тартылган сүрөт. 1948-жыл
2 / 11
Ирандын президенти Хасан Руханинин өспүрүм курагы
3 / 11
Аялдын колундагы бөбөк — Россиянын ажосу Владимир Путин
4 / 11
10 жаштагы Жо Байден. Азыр ал АКШнын президенти
5 / 11
Кытай лидери Си Цзиньпин жакындары менен. 1958-жыл
6 / 11
Израилдин өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяхунун бой жетип калган убагы. 1964-жыл
7 / 11
Индиянын саясий жана коомдук ишмери Махатма Ганди агасы менен. 1886-жылы тартылган сүрөт
8 / 11
Суйкайган Хиллари Клинтон. Саясатчы айымдын мектептеги альбомунан алынган сүрөт. 1965-жыл
9 / 11
Япониялык саясатчы Синдзо Абэ чоң ата, чоң энеси менен. 1960-жыл
10 / 11
Британиялык ханбийкелер Маргарет менен Елизаветанын 1938-жылы тартылган сүрөтү
11 / 11
9 жаштагы Барак Обама. АКШнын мурдагы президентинин 1970-жылы тартылган сүрөтү