БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Акыркы көч" көркөм тасмасы Asia Film Art эл аралык фестивалынын конкурстук номинациясынын алдыңкы бештигине кирди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Сынак 24-июндан 27-июнга чейин Гонконгдо өтөт. Кыргыз тасмасы менен кошо конкурска Япония, Вьетнам, Кытай жана Индия өлкөлөрүнүн фильмдери катышат.
Asia Film Art (AFAIFF) сынагы дүйнө жүзүндөгү новатор режиссёрлор менен сүрөтчүлөрдүн (художник) башын бириктирген эл аралык фестиваль болуп саналат.
"AFAIFF Гонконг киноискусство ассоциациясы (HKFAA) жана Макао киноискусство ассоциациясы тарабынан өткөрүлүп келет. Ал жаңы таланттарды шыктандырууга, түрткү берүүгө жана сыйлоого багытталган", — деп айтылат билдирүүдө.
"Акыркы көч" көркөм тасмасын Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы менен "Билимкана" коомдук фонду биргелешип тарткан. Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу сценарийдин автору жана режиссёрлору болсо, Эльнура Осмоналиева да продюсерлик кылып көмөктөшкөн.
Тасмага Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Үсөнова, Өмүрзак Токтомуратов жана Гүлсина Чотонова сыяктуу ата мекендик атактуу актёрлор тартылган.
"Акыркы көч" кинокартинасы 2020-жылы Бангладеште өткөрүлгөн Дакка XIX эл аралык кинофестивалында (Dhaka lnternational Film Festival (DlFF) "Эң мыкты тасма" деп табылган.