БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Соңку бир сутканын аралыгында Кыргызстанда коронавирус илдетинен беш адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Набыт болгондордун төртөө Бишкек шаарында, бирөө Чүй облусунда дарыланып жаткан.
Ушуну менен өлкөдө COVID оорусунан көз жумгандардын жалпы саны 1 842 адамга жетти.