Радио

Талантбеков: "ордун салуу" деген качуу, жылт коюу дегенди түшүндүрөт

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздүн маанисин чечмелеп берди.
Sputnik
Качып кетүү, жылт коюу, качуу, дайынын таптырбай кетүү дегенди "ордун салуу" деп колдонсо болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
"Соңку убактарда коомчулук, айрыкча жаштар өз терминдерин колдонууга өттү. Маселен, качып кеттүү, жылт коюу, дайынын таптырбай кетүү дегенди "сачковать этти" дешет. Бул маанини көптөгөн кыргызча сөздөр менен жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Алсак жогоруда айтылгандардан тышкары эпосто "ордун салуу" деген түшүнүк бар. Мына ушуларды колдонуу кыйла дурус болот", — деди Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонуу тилди байытууга кошулган салым экенин кошумчалады.