БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. "Сапат" билим берүү мекемесинин дайынсыз болуп жаткан жетекчиси Орхан Инандыны ыкчам-изилдөө иши күчөтүлгөн тартипте уланууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Жогорудагы факт боюнча тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлер менен тергөөчүлөрдөн түзүлгөн топ мүмкүн болгон күбөлөрдү аныктап, сурак иштерин жүргүзүүдө.
"Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлүп жатат. Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, автоунаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынууда", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 31-майдын түнүнөн бери дайынсыз. Бул маалыматтан кийин президент Садыр Жапаров аны издөө боюнча кошумча күч тартууну тапшырган. Инандынын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө "Ала-Арча" суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылганы айтылып, атасынын жоголгону боюнча уулу арыз жазган.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.