Ыраазымын! Эверестке чыккан Эдуард Кубатов Бишкекке учуп келди. Видео, сүрөт

Дүйнөдөгү бийик чокулардын бирин багынткан кыргызстандык Кубатовду "Манас" аэропортунан кучак жайып, гүл берип, салтанат менен тосуп алышты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Эверестке чыккан кыргызстандык Эдуард Кубатов Бишкекке учуп келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан салтанаттуу түрдө кучак жайып, гүл берип күйөрмандары, достору, журналисттер тосуп алышты.
Кубатов бардыгы менен кучакташып көрүшүп, күйөрмандарына ыраазылыгын билдирген.
1 / 8
Эверестке чыккан кыргызстандык Эдуард Кубатов Бишкекке учуп келди.
2 / 8
Аны "Манас" эл аралык аэропортунан салтанаттуу түрдө кучак жайып, гүл берип күйөрмандары, достору, журналисттер тосуп алышты.
3 / 8
Кубатов бардыгы менен кучакташып көрүшүп, күйөрмандарына ыраазылыгын билдирген.
4 / 8
Кыргызстандык Кубатов 23-май күнү "Эверест 1" экспедициясынын курамында Эверестти багындырган.
5 / 8
Бийиктикке чыгуу 12-апрелде Непалда башталган.
6 / 8
Команданын курамына Израиль, Кыргызстан, Малайзия, Россия жана Өзбекстандан барган альпинисттер кирген.
7 / 8
Кубатов Жердин эң бийик чокусун багындырган экинчи кыргызстандык болуп калды.
8 / 8
Биринчи болуп ага 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан.
Кыргызстандык Кубатов 23-май күнү "Эверест 1" экспедициясынын курамында Эверестти багындырган.
Бийиктикке чыгуу 12-апрелде Непалда башталган. Команданын курамына Израиль, Кыргызстан, Малайзия, Россия жана Өзбекстандан барган альпинисттер кирген.
Эдуард Кубатов Эвересттин чокусунан кыргызстандыктарга кайрылды. Видео
Кубатов Жердин эң бийик чокусун багындырган экинчи кыргызстандык болуп калды. Биринчи болуп ага 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан.
Деңиз деңгээлинен 8 848 метр бийиктикте жайгашкан Тибет менен Непалдын чегиндеги бул чокуну багындырам деп жыл сайын дүйнөнүн ар бурчунан жүздөгөн альпинист келет.