Дубайдан кыргызстандык жиу-житсучулар Калиев алтын, Алдабергенов күмүш алды

Алтын байге ээси Кумар Калиев 69 килограмм салмакта күч сынашты. Турнир кечээ, 4-июнда, БАЭнин Дубай шаарында өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Дубайда өткөн жиу-жутсу боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык Кумар Калиев алтын медаль утту. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Instagram баракчасына жазып, сүрөтүн койду.
Турнир кечээ, 4-июнда, БАЭнин Дубай шаарында өтүп, Калиев 69 килограмм салмакта күч сынашкан.
Ал эми дагы бир кыргызстандык балбан Азат Алдабергенов 77 килограммга чейинки спортчулар арасында таймашып, мелдештин күмүш байгесин жеңген.