БИШКЕК, 5-июн.— Sputnik. Боом капчыгайында келе жаткан жумада таш кулатуу иштери башталарын "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынан кабарлашты.
Аталган иштер күндүз, саат 9:00дөн 15:00гө чейин болот. Жолду тазалап жатканда ары-бери каттаган автоунаалар трассанын бир ыптасы менен жүрөрү айтылды.