Баткен жана Согд облусунун башчылары чек арадагы коопсуздук боюнча сүйлөштү

Тараптар буга чейин макулдашылган милициянын жана чек арачылардын биргелешкен постун, кайгуулду жөө кылгандардын ишин күчөтүүнү талкуулашты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абдыкерим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Россия Баткендеги кыйраган объектилерди калыбына келтирүүгө жардам берүүгө даяр
Облус башчыларынын тапшырмасы менен чектеш жайгашкан Баткен — Исфара, Лейлек — Гафуров райондорунун акимдери да жолугушкан.
"Жергиликтүү бийлик күч түзүмдөрү менен биргеликте чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо боюнча иш алып барууда", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өкмөттүн өкүлчүлүгү учурда Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында абал тынч экенин, күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, көзөмөл кылып жатканын билдирди.