Баткен облусунан дагы 100 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти. Сүрөт

Бүгүнкүнү кошкондо Тажикстандын Баткендеги кыргыз-тажик айылдарына куралдуу кол салуусунан жабыркаган үй-бүлөлөрдөн 300дөн ашуун балдар көл аймагына эс алууга жөнөтүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагында болуп өткөн куралдуу жаңжалда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук администрациянын маалымат кызматынан кабарлашты. 
Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагында болуп өткөн куралдуу жаңжалда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү
"Чек ара аймактарындагы айылдардан чогулган 100 бала жана 15 мугалим бүгүн, 5-июнда, Ош аэропорту аркылуу учуп кетишти", — деп айтылат маалыматта.
Маалыматта бул министрлер кабинетинин колдоосу менен жасалгандыгы айтылган.
Буга чейин да Баткен облусунан биринчи этапта 140ка чукул, экинчи этапта 70 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлгөн.