Абдыкааров OPEN FC уюмунун Гран-при мелдешинин жарым финалында таймашат

Беттеш 12-июнда Россиянын Жигулевск шаарында өтүүчү OPEN FC 5 мелдешинин алкагында болот. Анын жеңүүчүсү баш байге үчүн армениялык Айк Казарян менен таймашат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Алимардан Абдыкааров OPEN FC уюмунун Гран-при мелдешинин жарым финалында таймашат. Бул тууралуу маалыматты аталган промоушен өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды. 
Эң жеңил салмакта ат салышып жаткан Абдыкааров жарым финалда бразилиялык Матеус Сантос менен кез келет. Беттеш 12-июнда Россиянын Жигулевск шаарында өтүүчү OPEN FC 5 мелдешинин алкагында болот.
"Кыргыз Флойд" мээлейсиз мушташтагы кезектеги атаандашын сулата чаап утту. Видео
Кыргыз спортчусу чейрек финалда азербайжандык тажрыйбалуу атлет Эльнар Ибрагимовду нокаутка кетирип уткан.
Ал эми атаандашы Матеус Сантос финалга болгон жолунда россиялык Александр Володинди жеңген.
Эми бул беттештин жеңүүчүсү баш байге үчүн Айк Казарян (Армения) менен таймашат. Марада бир миллион рубль акчалай сыйлык жана чемпиондук кур бар.
Кыргызстандык мушкер Россия жана Европадагы бир катар ММА уюмдарынын мелдештерине катышкан. Акыркы жолу ALASH PRIDE промоушенинде беттешке чыккан. Абдыкааров спорттук карьерасында 17 ирет таймашып, 12 атаандашын утуп, беш ирет жеңилүү ызасын тарткан.