Жапаровдун администрациясы Жогорку Кеңешке шайлоо кантип дайындаларын түшүндүрдү

"Президентти жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө" жаңы мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүүдө. Ал өлкө башчынын сайтына жайгаштырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Президенттин администрациясы жаңы Конституция боюнча Жогорку Кеңешти шайлоо кандай өтөрүн түшүндүрдү.
Парламенттин жыйынында президент шайлоону ушул жылдын 1-июнунан кечиктирбестен дайындашы керек деген маселе көтөрүлгөнү белгиленди.
Буга байланыштуу администрация "Президентти жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын айрым ченемдеринин иштөөсүн токтото туруу жөнүндө" мыйзамга түшүндүрмө берди.
Бул мыйзамдын 1-беренесинде "Президентти жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 38 жана 63-беренелерин колдонууну токтото туруу каралган. Анда шайлоо жараксыз деп табылган учурда кайрадан өткөрүү маселеси жөнгө салынган.
Ушул конституциялык мыйзамдын 2-беренесине ылайык, былтыр октябрда өткөн шайлоо жараксыз деп табылганына байланыштуу жаңысы 1-июндан кечиктирилбей жарыяланышы керек болчу.
Эл өкүлү: жаңы Конституция боюнча азыркы депутаттар декабрга чейин иштейт
Бирок администрациядан 5-майда кабыл алынган жаңы Конституцияда Жогорку Кеңешти шайлоо тартиби өзгөргөндүгүн белгилешти. Буга байланыштуу шайлоо жөнүндө мыйзам иштелип чыгып, кабыл алынып, ошонун негизинде гана ЖК депутаттарын шайлоо керектиги кошумчаланды.
Баш мыйзамдын 76-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш 120 эмес 90 депутаттан турары да айтылат. Ошондой эле парламент саясий партиялардын тизмеси боюнча (55 мандат) жана бир мандаттуу округдардан (35 мандат) түзүлөт деп болжолдонууда.
Администрациядан түшүндүрүшкөндөй, мыйзамдардагы жана Конституциядагы карама-каршылыктар учурдагы шайлоо мыйзамдарынын буга чейин токтотулган 38 жана 63-беренелерин жандандырууга жана жаңы же кайталап шайлоону дайындоого жол бербейт.
Конституциялык мыйзамдын долбоору иштелип чыгып, коомдук талкуудан өтүүсү үчүн 29-майда президенттин сайтына жайгаштырылган. Жакында парламенттин кароосуна киргизилет.
Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жана күчүнө кириши жаңы Конституция боюнча парламент депутаттарын шайлоону дайындоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.